Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, уюмдун экстремизмдин алдын-алуу боюнча атайын кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушуп, дин темасында кеңири талкуу өткөрүштү. Бул тууралуу 28-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Тараптар жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу боюнча баарлашты.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов дин тармагында жасалып жаткан иштерге токтолуп, конфессиялардын өз ара мамилелерин жакшыртуу аракеттери болуп жатканын белгиледи. Жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты. (TSh)