Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташууну ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду. Документ Орусиянын расмий Интернет-порталына жарыяланды. Тишелүү жарлык 28-ноябрда жарыяланган. Анда “2017-жылдын 20-июнунда кабыл алынган Орусия менен Кыргызстандын аскердик-техникалык кызматташуусу жөнүндөгү келишим бекитилсин”, - деп жазылган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков келишимге 2018-жылдын январь айында кол койгон. Буга байланыштуу мыйзам былтыр 21-декабрда кабыл алынган. Ал аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин жакшыртуу, Куралдуу күчтөр, аскердик түзүлүштөр, атайын кызматтарды курал-жарак менен жабдуу, жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүүгө багытталган.
Документ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. (КЕ)