Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президентин куттуктады


Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвили.
Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвили.

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. “Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары да экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берерине терең ишенем”, - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат деген тилегин да айткан.

28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер, 66 жаштагы Саломе Зурабишвили 59,5% менен жеңишке жеткен. Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял киши бийлик башына шайланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG