Кремл АКШ президенти Дональд Трамптын “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында Владимир Путин менен мерчемделген жолугушуудан баш тартканы үчүн "өкүнөрүн" билдирди.
“Бул деген дүйнөлүк жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо белгисиз мөөнөткө жылып калды дегенди билдирет” деди президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков 30-ноябрда.
Буга чейин Орусиянын президенти жолугушууга даяр экенин билдирген. Москванын кабарлашынча, эки лидер 1-декабрда жолугуп, Сирия, Иран жана Түндүк Корея маселесин талкуулашмак.
Бирок АКШ президенти Орусия Украинанын үч кемеси менен 24 деңиз аскерин кармап, алардын баарын эки айга камаган окуяга байланыштуу Путин менен жолугушуудан баш тартканын 29-ноябрда маалымдады.“Украинанын кемелери жана деңиз аскерлери өз мекенине коё берилбегендиктен президент Владимир Путин менен буга чейин белгиленген жолугушуума кызыкдар тараптар аны токтотсо туура болот”, – деп жазды ал “Твиттерге”.
25-ноябрда Орусия Азов деңизи менен Кара деңизди байланыштырган Керч кысыгындагы жаңжалда Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Алар эки айга камалып, Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.
"Чоң жыйырманын" саммити 30-ноябрда жана 1-декабрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жатат. Уюмдун курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин биринчи эки тараптуу жолугушуусу быйыл 16-июлда Хельсинки шаарында өткөргөн.