Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Адистер Аляскада цунами коркунучу туулганын эскертишти


Жер силкинген аймактын картасы.
Жер силкинген аймактын картасы.

30-ноябрда эртең менен Алясканын түштүк тарабындагы жер силкинүүнүн күчү 7 баллга жетти. Очогу АКШнын бул штатындагы Анкориджа шаарынан 13 чакырым түндүк тарапта катталган. Геология кызматы термелүү күчү 43 км. тереңдикте болгонун маалымдады.

Адистер штаттын тургундарына цунами болушу ыктымалдыгын эскертишти.

Жер титирөөдөн улам шосседе жарака пайда болуп, тоодон таш кулап, жер кыртышына зыян келген. CNN тараткан кабарга ылайык, бир канча телеканалдар обого чыкпай калды.

Биринчи силкинүүдөн кийин бир канча термелүү катталган. Reuters агенттиги билдиргендей, анын күчү Анкориджадан болжол менен 560 км. алыстагы Фэрбенкс деген жерде да байкалган.

Социалдык тармактын колдонуучары зилзаладан кийинки көрүнүштөрдү сүрөткө тартып, жарыялашты.

Аляска сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан. 1964-жылы бул жерде күчү 9 баллдан ашкан силкинүү катталган.

XS
SM
MD
LG