Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Грузияда шайлоонун жыйынтыгына нааразылар көчөгө чыгышты


"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын талапкери Григол Вашадзе нааразылык акциясында, 2-декабрь, 2018-жыл.
"Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын талапкери Григол Вашадзе нааразылык акциясында, 2-декабрь, 2018-жыл.

Грузияда бийликтеги партия колдогон талапкер Салома Зурабишвилинин жеңишине нааразы миңдеген киши "шайлоо бурмаланды" деп көчөгө чыгышты.

2-декабрда Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөргөндөр Тбилисидеги парламент имаратынын алдына чогулуп, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурун кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили добуштардын 59,5%, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы «Бириккен улуттук кыймыл» партиясынын талапкери Григол Вашадзе 40,5% алды.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили бардык тарапкерлерин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, жалпы нааразылыкка чыгууга чакырган.

Президенттик шайлоодо 66 жаштагы Саломе Зурабишвили жеңип чыккан. Ошентип Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял бийлик башына шайланды.

XS
SM
MD
LG