Жекшемби күнү Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидерлеринин бирөөнү АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн абадан таамай урган соккусу өлтүрдү. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Вашинтон администрациясынын өкүлүнүн маалыматына таянып кабарлады.
Анын айтымында, Абу ал-Умарайн Сирияда адамдарды туткунга алууга жооптуу болгон. Алардын арасында куткаруу кызматында иштеген америкалык Питер Кассиг да бар. 2014-жылы экстремисттер анын башын алышкан.
Мурдараак Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары АКШнын күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы өкмөттүк жайларга сокку урганын кабарлашкан.
Бириккен Улуттар Уюму "Ислам мамлекети" уюмунун террорчуларынын колунан 33 миңдей карапайым адам өлүп, 55 миңден ашууну жарадар болгонун билдирген. Дайынсыз кеткендер да бар.