Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:30

Кытайлык кайрылмандар Акыйкатчыга кайрылышты


Акыйкатчыга кайрылган кытайлык кыргыздардын туугандары. 3-декабрь, 2018-жыл.

3-декабрда акыйкатчы Токон Мамытов жакындарын издеген кыйтайлык кайрылмандар менен жолукту. Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн. Бул тууралуу Акыйкатчыга кайрылгандардын бири Алмамбет Осмон уулу “Азаттыкка” билдирди:

- Биз он чакты киши бардык эле. Эки түрдүү өтүнүч кылдык. Биринчиси - "бейкүнөө кесилип, лагерде отурган адамдар бар. Эмнеге ошондой болгонун тактап берсеңиздер, мүмкүн болсо куткарып Кыргызстанга келгенге жардам берсеңиздер" дедик. Экинчиси - "лагерге кирбеген туугандарыбыз менен деле байланыш жок болуп жатат. Ошого байланышууга шарт түзүп берсеңиздер" деп өтүндүк.

Өз кезегинде Мамытов “Азаттыкка” кытайлык кыргыздардын арыздары боюнча расмий тактоо, маалымат алуу иштери башталарын билдирди.

Өткөн аптада “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, 29-ноябрда коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын өткөргөн. Буга чейин кайрылмандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактап жатканын кабарлоо менен чектелип жатат.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG