Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Роухани: АКШ мунай экспорттоого жолтоо кылса, Иран Ормуз кысыгын жабат


Ормуз кысыгынын көрүнүшү. 1980-жылдары тартылган сүрөт.
Ормуз кысыгынын көрүнүшү. 1980-жылдары тартылган сүрөт.

Президент Хассан Роуханинин бул сөздөрүн Ирандын мамлекеттик телеканалы таратты. Андагы маалыматка караганда, Роухани 4-декабрда: “Эгер Кошмо Штаттардан кимдир-бирөө Ирандын мунай экспортун блокада кылууну чечсе, Перс булуңунан эч кандай мунай экспорттолбойт” деген сөздөрдү айткан.

Роухани ошондой эле АКШ Ирандын мунай экспортуна эч кандай жолтоо кыла албай турганын белгилеген.

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялагандан кийин да Ирандын президенти ушундай эле билдирүүлөрдү жасаган.

Ал Иран жаап сала ала тургандыгын эскерткен Ормуз кысыгы - дүйнөлүк мунай соодасы үчүн кан жолдордун бири. Ал жер аркылуу дүйнөлүк базарга чыккан мунайдын төрттөн үч бөлүгү өтөт.

Ирандын мунай секторун бутага алган АКШнын санкциялары быйыл 5-ноябрда тартып күчүнө кирди.

Кошмо Штаттардын бийлик өкүлдөрү быйыл жазында дүйнөлүк базарга күнүнө 2,5 миллионго баррелге чейин мунай чыгарган Ирандын кара май экспортун нөлгө түшүрүү багытында иш жүргүзөрүн айтып келишкен.

Бирок санкциялар күчкө киргенден кийин АКШ өз финансылык системасынын алкагында жети өлкөнүн: Кытайдын, Индиянын, Түркиянын, Жапониянын, Түштүк Кореянын, Италиянын, Грекиянын, ошондой эле Тайвандын чарбалык субъектилерине дагы алты ай бою Тегерандан мунай сатып алышына жеңилдик берди. Бул, эксперттердин эсебинде, Иран азыр дүйнөлүк базарга күнүнө 1,8 миллион баррел мунай чыгарып тура алат дегенди билдирет. (UE)

XS
SM
MD
LG