Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Терек-Сайда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат


Терек-Сайда кен чыккан жер.
Терек-Сайда кен чыккан жер.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 4-декабрда айылда топтолгон жүзгө жакын киши менен жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын өкүлдөрү жолугушкан. Анда бийлик өкүлдөрү элди мыйзамды сактоого чакырышкан. Аким учурда аймакта абал тынч экенин кошумчалады.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтиргени кабарланган.

3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG