Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

"Forbes" дүйнөдөгү жүз таасирлүү аялдын жаңы тизмесин жарыялады


Тизмеге саясат менен катар каржы жана бизнес чөйрөсүнөн дүйнөдө эң таасирлүү деген жүз аял кирген.

Тизменин эң башында Германиянын канцлери, 64 жаштагы Ангела Меркел турат. Аны менен бирге тизменин алдыңкы он сабында Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Эл аралык Валюта фондунун аткаруучу директору Кристин Лагард, АКШдагы "General Motors" компаниясынын башчысы Мэри Барра, америкалык "Fidelity Investments Inc." компаниясынын башчысы Эбигейл Жонсон, миллиардер жана филантроп Билл Гейтстин жубайы Мелинда Гейтс, "YouTube" компаниясынын башчысы Сьюзан Войжитски, Испаниядан "Santander Group" компаниясынын башчысы Ана Патрисия Ботин, америкалык "Lockheed Martin" корпорациясынын башчысы Мэрилин Хьюсон, дагы бир америкалык ишкер, IBM компаниясынын башчысы Жинни Рометти бар.

Эски совет аймагынан жүз таасирлүү айымдын катарына Орусиядан Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина кошулган.

Саясатчылардын Мьянма өлкөсүнүн учурдагы де-факто лидери, 2017-жылы жүз таасирлүү аялдын тизмесинде 33-орунда турган Аун Сан Су Чжи быйыл андан чыгарылган.

"Forbes" журналынын эсебинде, дүйнөдө азыр аялдар президенттик, министрлик, парламент депутаты кызматтарынын 20% жакынын ээлеп турат. Ал эми компаниялардын башчылык (CEO) кызматтарынан аялдардын үлүшүнө учурда беш пайызы тийүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG