Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Депутат бала бакчанын имаратына соттун көчүрүлүшүн сындады


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү мурдагы бала бакчасынын имараты Сот департаментине берилишин сынга алды. Ал бул аркылуу өлкөдөгү бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтому менен президенттин жарлыгы бузулуп жатканын билдирди.

“Акыркы 30 жылда Бишкек шаарында бир да бала бакча курулган эмес. Ал эми бул катачылыкты жоюп, мыйзамдуулукту сакташ керек болгон органдар аны бузуп жатат. Буга мисал катары Жогорку сотко караштуу органдар “Мектепке чейинки билим берүү” жөнүндө мыйзамды жана жарандардын укуктарын бузуп жатканын айтсак болот”, - деди депутат.

Жээнчороев кошумчалагандай, Москва көчөсүндөгү бала бакчанын имаратын мамлекетке кайтарып, белгиленген максатта колдонуу боюнча Башкы прокуратура өкмөткө эскертүү берген. Бул кемчилик жоюлуп, мамлекетке кайтарылган соң бул имаратты Жогорку сот бала бакчага кайтарып бербей, өз максатында колдонууга аракет кылып жатат. Ошондуктан депутат бул маселеге көңүл буруп, имаратты бала бакчага кайтарып берүүгө чакырды.

Буга чейин Москва көчөсүндөгү аталган имаратка Бишкектин Биринчи май райондук соту көчүрүлөрү айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG