Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин кармалганы боюнча комментарий берип, өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерде Италиянын компаниясы утуп чыкканын “Азаттыкка” билдирди. Ал орун басары Нарындын Эпкин - Баш-Кууганды (Жумгалдан Кочкорго чейинки) аймагындагы жолду курууга өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кармалганын кошумчалады.
- Ал жерде тендердик комиссиянын төрагасы Жусубалиев болгон. Ал жерде Экономика, Каржы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү бар болчу. Тендер өтүп, ал жерде италиялык бир фирма жеңүүчү болуп табыллган. Келишимге кол койгонбуз. Ал азыр кышкы эксплуатация кылып, жазгыга даярданып жатат. Калганын мен деле Интернеттен окудум.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.
Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда. (КЕ)