“Азаттык” радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. "Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн, 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.
Биринчи орунга Жолдошбай Осмонов, Мирзохалим Каримов, Сүйүнбай Капаров, Ырысбай Абдыраимов, Тилав Расул-заде, 2-орунга Нарынкүл Назаралиева, Кайрат Искендеров, Эркингүл Тургунбекова, Рыскул Касымбеков, Жали Соданбек, Мирсаид Анарбаев, Сакан Сатыбеков, 3-орунга Алимжан Алибеков, Адил Какенов, Мая Осмонкулова, Бурулкан Бакеева, М.Алчикенов чыкты. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктар Меңдибек Асылбеков, Тилекбек Кудайбергенов, Замир Алдаяров, Калыс Кенжебаев, Апилмажун Темиралиев, Абдил-Ахат Курбан уулу, Авазбек Жусупбеков, Турсунали Матазимовго берилди.
Биринчи орунду алгандар букридер (китепти электрондук түрдө окуган жабдык), Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын диски, Ардак баракча алышты. Экинчи орунга Ардак грамота менен букридер, үчүнчү орунга Айтматовдун чыгармаларынын он томдугу, тасмалар диски, Ардак баракча тапшырылды. Кызыктыруучу сыйлык катары "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" китеби жана рюкзак ыйгарылды.
Сынак быйыл июнда жарыяланган. Ага жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келген.
Негизинен Айтматовдун бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.
Редакциянын почтасына келген видео, аудио жана айрым тексттерде автордук укукка жана сапатка байланыштуу маселелер болгону үчүн сынактын талабына жооп бербейт деп табылды. (NT)