Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Украина Орусия менен достук тууралуу келишимди токтотту


Украинанын Жогорку Радасы. Архивдик сүрөт.

Украинанын Жогорку Радасы 6-декабрда Орусия менен “Достук, кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө” келишимди токтотуу боюнча мыйзам кабыл алды. Документке 277 депутат “макул” деген добуш берди.

Бул чечим ноябрдын этегинде Орусия Керч кысыгында украин кемелерин аткылап, 24 деңиз аскерин кармап кеткенден кийин кабыл алынды. Мыйзам долбоорун парламентке президент Петро Порошенко 3-декабрда киргизген.

​Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин украин дипломаттары Орусия менен 48 келишимди токтотконун, жакын арада дагы 40тай макулдашууну жокко чыгаруу пландалып жатканын билдирген.

Украина менен Орусиянын ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге 1997-жылы 31-майда кол коюлган.

6-декабрда Украинанын Жогорку Радасы өлкө аймагына эскертүүсүз кирип келген учурда чек арачыларга ок атууга укук берген мыйзам да кабыл алды.

25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. ​

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG