Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Психоневрологиялык интернаттарга 2,5 миллион сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү айрым социалдык мекемелерге акчалай жардам бөлдү. Бул тууралуу 7-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2,5 миллион сом майыптар багылуучу 10 интернатка бөлүнүп берилет. Алар - Жайылдагы, Ак-Суудагы, Токмоктогу, Кадамжайдагы, Покровкадагы жана Жалал-Абаддагы психоневрологиялык жайлар, Төмөнкү Серафимовка айылындагы улгайган адамдардын стационардык жайы жана Сокулуктагы реабилитациялык борбор.

Аталган жайлардын жетекчилери бул каражатка керектүү эмерек жана башка буюмдарды сатып алууга тийиш. (RK)

XS
SM
MD
LG