Шаарда “Бал тил” клубу "Заманга кадамдашпызбы?" деген темада баарлашуу өткөрдү. Уюштуруучулардын бири "АННУР ЭДУКАРЕ" билим берүү борборунун адиси Жайнагүл Абдирасулова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, иш чаранын катышуучулары кайсыл бир теманын алкагында нукура кыргызча баарлашат. Мыкты сүйлөп, көөнө сөздөрдү мол кошуп, нагыз кыргызча баян курган катышуучу добуш берүү менен аныкталып, соңунда “Бал тилчи” тандалат.
- Иш-чара учурунда таанышабыз, жүздөшөбүз, билгенибизди бышыктайбыз, 90 мүнөт бою социалдык медиадан оолак болобуз, тилибизди байытабыз, соңунда бал жейбиз, - деди Жайнагүл Абдирасулова.
Аталган клуб айына 2 жолу баарлашуу өткөрүп турмакчы. Ал Бишкек шаарында түптөлгөн. (RsK)