Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

ЕАЭБ чечиминин Бишкекке таасири


ЕАЭБнын жыйыны. 6-декабрь, 2018-жыл.
ЕАЭБнын жыйыны. 6-декабрь, 2018-жыл.

ЕАЭБ Кытай жана Иран менен соода-экономикалык байланышты өнүктүрүп, андан ары тереңдетүүнү көздөй турган болду.

Буга байланыштуу Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) Иран менен убактылуу эркин соода тилкесин түзүү жана Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү караган макулдашууларды күчүнө киргизүү боюнча чечим кабыл алды.

Бул демилге Батыш менен соода байланышы солгундаган Орусиянын ЕАЭБ аркылуу эл аралык санкцияларга дуушар болгон Иранды жана Кытайды өз тарабына тартуу аракети катары сыпатталууда.

Орусиянын сунушу колдоо тапты

Санкт-Петербург шаарында 6-декабрда болуп өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин жыйынында Батыштын атаандашы болуп саналган Кытай жана Иран менен соода-экономикалык байланышты күчөтүү максатында быйыл май айында кабыл алынган макулдашууну күчүнө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Орусиянын президенти Владимир Путин муну уюмдун эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө таштаган ири кадамы катары баалады:​

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Евразия Экономикалык Биримдигинин тышкы байланыштары кеңейүүдө. Быйыл май айында ЕАЭБдин үчүнчү бир өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдери тууралуу макулдашууга кол коюлган. Бүгүн биздин алдыбызда Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү караган жана Иран менен убактылуу эркин соода тилкесин түзүү боюнча макулдашууларды күчүнө киргизүү боюнча чечим кабыл алуу милдети турат.

Батыштын санкцияларына жооп

Владимир Путиндин мындай демилгеси Батыш дүйнөсү Орусияга карата соода-экономикалык санкцияларды киргизип, анын кесепеттери көрүнө баштаган учурга туш келди. Ошондуктан ЕАЭБдин бул кадамы Батыштын санкциялык басымына кабылган Орусиянын геосаясий жүрүшү катары каралууда.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов муну Орусиянын жана анын жакын өнөктөштөрүнүн бирдиктүү экономикалык альянс түзүү аракети катары кабыл алды:

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

- Мунун баары дүйнөдөгү геосаясий абал менен байланыштуу. Азыркы учурда Батыш Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп жатпайбы. Бул жерде ЕАЭБ Орусияны колдоп, өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө аракет кыла баштады. Ошондуктан Кытай жана Иран менен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетип, бир кылка кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси жөн жерден чыгып жаткан жок. Мунун баары жанагы “эл аралык” деп айтылып жаткан, бирок иш жүзүндө АКШ тарабынан Орусияга каршы багытталган санкцияларга жооп деп түшүнсөк болот. Бул маселеде Орусиянын өнөктөшү жана ЕАЭБ уюмунун мүчөсү катары Кыргызстан Орусияны колдойт. Анткени ага көп маселелер боюнча көз каранды. Орусияда абал оорлосо, Кыргызстанда да оорлошот. Ошондуктан Орусия башында турган ЕАЭБ кызматташтык аралын кеңейтип, Иран жана Кытай менен алаканы өнүктүрүү демилгесин көтөрүп жатат.

ЕАЭБдин Кытай менен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана Иран менен эркин соода тилкесин түзүү тууралуу макулдашуулары күчүнө кирсе, анда, саясат талдоочулардын пикиринде, дүйнөдө экономикалык кызматташтыктын өз алдынча борбору түзүлүшү мүмкүн.

Санкциялардын кесепети тийбейби?

Бирок буга чейин эле эл аралык санкциялар киргизилген Иран менен соода байланыштарын калыбына келтирүү ЕАЭБ мамлекеттеринин санкциялык тартипти бузбоо милдеттенмелерине каршы келип калары эскертилди.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев мындай кадамдан эгемен мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгы жабыркабашы керек деп эсептейт.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Тилекке каршы, Евразия Экономикалык Биримдиги экономикалык мүнөздөгү гана эмес, геосаясий багыттагы уюм катары дагы ролу ачыкка чыга баштады, - дейт ал. - ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттердин айрыкча Батыш өлкөлөрү демилге көтөрүп, эл аралык санкцияларды киргизилген Иран боюнча позициясы да карама-каршылыкты жаратышы мүмкүн. Анткени санкциялык режимди бузуу Батыштын мамилесин өзгөртүшү мүмкүн. Ошондуктан мындай маселелерде Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу ЕАЭБдин мүчөлөрү өз экономикасы жабыркап калбагандай шартта аракеттениши абзел. Мындай тирешүүдө биз кандайдыр бир экономикалык же каржылык кыйынчылыктарга кабылбагандай жагдайларды эске алуу менен саясат жүргүзүүгө туура келет.

Кызматташтыкка чек жок

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков уюмдун алкагында жана үчүнчү тараптар менен соода-экономикалык байланыштарга тоскоолдуктар жана чектөөлөр болбошу керек деген ойдо.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейиши чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшү үчүн өбөлгө түзө турганын белгиледи:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Бул кол коюлган документтер ишкердик жүргүзүүгө чоң салым кошо турганына ынандым. Муну менен ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттерде биздин жарандардын турмуш-тиричилигин жакшыртканга бир топ чоң кадамдар ташталат. Бул биздин биримдикке кирген мамлекеттердин башын бириктирген аябай чоң дарамети бар уюм. Бирок биз анын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатабыз. Мындай шартта алдыдагы биздин эң негизги милдеттердин бири - ар кандай тоскоолдуктарды жеңүү болуп саналат.

Ошол эле кезде Беларустун президенти Александр Лукашенко “ЕАЭБ үчүнчү тараптар менен соода-экономикалык байланышты тереңдетүүдөн мурда уюмдун ичиндеги кызматташтыкты тартипке салышы керек” деген маселени көтөрдү.

Анын айтымында, макулдашуудагы тең укуктуулук шарттары иш жүзүндө аткарылмайынча, уюмдун өзү толук иштеши күмөн.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

- Биздин биримдик жумушчу күчүн, капиталды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эркин жүгүртүүгө негизделип түзүлгөн, - деди Александр Лукашенко. - Эң башкысы - биз “бирдиктүү экономика түзүүдө биздин чарба жүргүзүүчү тараптар жана адамдар бирдей шарттарга жана бирдей укуктарга ээ болот” деп келишкен болчубуз. Эгерде мындай тең укуктуу шарттар болбосо, анда биримдик да болбойт.

Евразиялык Экономикалык Биримдигинин Башкы кеңешине чогулган мамлекет башчылары уюмдун ынтымагын андан ары илгерилетүү боюнча декларация кабыл алышты. Анда ЕАЭБ уюмунун аймагында ишкердикке карата ар кандай тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү кыскартуу жана алып салуу чаралары бекитилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG