Өкмөттүн алдындагы антикоррупциялык кеңеш ишин жандантат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кеңеш мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун антикоррупциялык чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жаатында аянтча болуп саналат.
Аны премьер-министр жетектейт. Өзгөртүлгөн жоболорго ылайык, эми кеңешке коррупцияга каршы күрөштү мониторинг жасоо, жемкордукка каршы күрөштүн тутумун аныктоо сыяктуу жаңы критерийлер киргизилди.
Кыргызстанда бийлик коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет. Муну жарандык коомдун өкүлдөрү сындап, күрөш тегиз жүрбөй жатканын айтып келишкен.(BkA)