Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Бурулайдын иши: шектүүлөрдүн жактоочусу далилдер жетишсиз экенин айтты


Марс Бөдөшев.
Марс Бөдөшев.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев жана ала качуу үчүн айыпталып жаткан досу Акмат Сейитовдун жактоочусу Жуматай Абдрахманов "тергөөдө кемчиликтер болгон" деп билдирди. Абдрахманов күбөлөр толук суралбаганын, алардын айрымдарынын көргөзмөлөрү такталбаганын белгилеп, айыпталуучулардын күнөөсү далилденген жок деп эсептейт.

- 4-майдагы биринчи ала качуу фактысы боюнча эмне үчүн ата-энеси ошол маалда арыз жазган эмес? Бул факт боюнча бир гана күбө көрсөтмө берди. Ал күбө сотко келген жок. Ага берилчү суроолор ачык калды. Нурлан деген ким, анын фамилиясы кандай? Аны билбей калдык. Марсбектин бычак менен сайып өлтүргөнүн эч ким көргөн эмес. Бычакта Бөдөшевдин колунун тактары табылган эмес, - деди жактоочу.

Айыпталып жактандардын жактоочуларынын бир келбей калгандыктан сот отуруму эртеңкиге жылдырылды.

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланды. Анда айыптоочулар шектүүлөрдүн күнөөсү толук далилденгенин билдирип, Марс Бөдөшевге ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана киши өлтүрүү (97-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча 23 жыл күчөтүлгөн абакта жаза өтөөсүн соттон суранды. Ал эми досу Акмат Сейитовго ала качуу (155-берене 2-бөлүм) жана кылмышка көмөк көрсөткөндүгү (30-беренесинин 2-бөлүмү) боюнча жети жыл сурады. (AiA/TSh)

XS
SM
MD
LG