Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Азербайжан соту Жунусовду экстрадициялоого уруксат берди


Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Азербайжан соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) маалымдады. Учурда Жунусовду алып келүү боюнча документтер толтурулуп жатат.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын алгач Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги жазып чыккан. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөн.

Башкы прокуратура июль айында бажы системасынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда бул мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, мындай аракеттердин айынан мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG