Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

УКМК: Зилалиевдин айлыгынан байлыгы көп


Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин.
Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин.

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевди "мамлекеттик жогорку кызматтарда турганда мыйзамсыз байыган" деп айыптап жатат.

Ага ылайык, мурдагы вице-премьер-министр өз декларациясында 1 миллион долларга жакын акчасын жана кыймылсыз мүлкүн жазган эмес. Зилалиев болсо "байлыгын жашырды" деген дооматтарды четке кагып жатат.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамабевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары таанылган жана кызматтан кызматка көтөрүлүп жүргөн. Туура бир жылдай мурун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын кызматынан "бомба" чуусуна байланыштуу кеткен эле.

Атайын кызмат 10-декабрда Дүйшөнбек Зилалиевдин камалышы тууралуу расмий түшүндүрмө таратты. Анда экс-вице-премьер-министрдин 2011-2016-жылдардагы декларациясы текшерилгени, жалпысынан тапкан кирешеси 2,5 миллион сомдон ашканы, жубайыныкы болсо 408 миң сом болгону, бирок текшерүүдө кирешесинен алда канча көп байлыгы бар экени аныкталганы айтылат. Тактап айканда, быйыл сентябрь айына чейин жергиликтүү коммерциялык банктардын биринде 1 миллион долларга жакын акчасы болгон.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, андан сырткары Зилалиевдин киреше-чыгаша декларацияларында көрсөтүлбөгөн, туугандарына жана башка адамдарга катталган үйлөрү, батирлери, жер тилкелери чыккан. Былтыр тууганына Бишкектин борборундагы жалпы баасы 34 миллион сомдон ашкан эки кеңсени каттаткан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти жетектеп турганда жумушу жок тууганына алтын жана башка кен байлыктар боюнча лицензияларды жаздырып койгон.

- Кылмыш иши "мыйзамсыз баюу" беренеси менен козголгон, - дейт Рахат Сулайманов. - Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны тергөө бүткүчө абакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алды. Экс-вице-премьер-министр жалаң мамлекеттик кызматтарда иштеген, бирок анын эсебинде бир катар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, алтын, акиташ жана башка кендерге лицензиялары болгон. Бүгүнкү күндө кылмыш ишин тергеп-иликтөө уланып жатат.

Зилалиевдин байлыгы тууралуу маалымат берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралгандан кийин Дүйшөнбек Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок “мүлкүн жашырган” деген дооматтарды четке кагып, буга байланыштуу документтерди коомчулукка жарыялай турганын билдирди. Анын адвокаты Учкун Каримов "Азаттыкка" учкай комментарий берип жатып мүлк тууралуу документтер бар экенин ырастады:

- Тергөөнүн материалдары боюнча “кээ бир объектилер Зилалиевге, туугандарына караштуу” деп жатышат. Зилалиев “документтер бар, туугандар аркылуу алынган” деп айтып жатат. Эми калганын тергөө тактайт.

Дүйшөнбек Зилалиев "бомба" чуусуна байланыштуу кызматтан кеткен эле. УКМК былтыр 24-ноябрда жаңы президенттин ант берген күнү кортеж өтчү көчөгө бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергеп-иликтөөдө бомба тууралуу милицияга ИИМдин академиясында окуган курсант кыз кабарлаганы, ага болсо 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө айтканы маалым болгон. Кийинчерээк бул унаа Зилалиевдики экени аныкталган. Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси, тактап айтканда "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" айыбы менен кылмыш иши козголгон жана эки ай мурун үч жылга эркинен шарттуу ажыратылган болчу. Зилалиев болсо "курсант кыз анын формасы тууралуу мактоо сөздөрүн туура эмес түшүнүп алган" деп түшүндүрүп келген.

Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Зилалиев түшүп жүргөн "1532" мамлекеттик номерлүү "Лексус-570" үлгүсүндөгү машине "Тун Лин" аттуу кен казуучу кытай компаниясына таандык экени да ачыкка чыккан. Бул компания Чаткал районундагы Кичи-Чаарат алтын кени казуу боюнча лицензия алган. Ошол кезде Мамлекеттик мүлк фонду “бул унааны Дүйшөнбек Зилалиевдин жардамчысы досунан убактылуу айдап туруш үчүн алган, төрага аны билген эмес" деген мазмундагы түшүндүрмө тараткан.

Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова Зилалиевге байланыштуу соңку жагдайды саясий куугунтук катары баалады жана аны камакка алуу тууралуу сот чечимин сынга алды:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Жалпысынан караганда куугунтук болуп жаткандай. Анда баарына тең мамиле кылсын. Андайлар толтура да. Ошол эле Атамбаевдин, ошол эле Жээнбековдун декларациясында деле чыгат. Келгиле, баарыбыз камалалы. Кыргыздардын 90 пайызын камап коюп, ошол түрмөлөрдө жашайлы. Ушундай иштерде акчалай жаза болушу керек. Эгер мүлкүн жашырса, анда айыппул салыш керек. Эгер ал декларацияда мүлкүн көрсөтпөй койсо, ал маселен мага зыян эмес. Башка адамдарга коркунуч туудура турган иш-аракетке жатпайт. Ошон үчүн ага айыппул эле салыш керек. Аны түрмөгө отургузгандан эмне пайда? Ага тамак-аш бериш керек, аны кайтартыш керек. Кыргызстан жалаң камалгандардын өлкөсү болобу? Айыпка жыксын, бюджетке да акча түшөт. Миллиондогон айыппул салса мүлкүн жашырган башка аткаминерлер да чочулап калмак. Мисалы, Зилалиевдин мурунку иши боюнча “туура эле чечим болду” дегем. Бул жолкусу болсо саясий куугунтук экени көрүнүп эле турат.

Бир жума мурун Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы боюнча текшерүнүн жыйынтыгы тууралуу учкай маалымат тараткан.

Анда Тышкы иштер министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, прокуратура, сот органдарынын бир катар кызматкерлери байлыгын жашырган фактылар ачыкка чыкканы айтылган. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу, эки вице-консул, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Ирандагы, Германиядагы элчиликтерде иштеген кызматкерлер, Екатеринбургдагы консул мыйзам бузганы маалымдалган. Башкы прокуратура мыйзам бузуунун кесепетин жоюу жана күнөөкөрлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында ТИМге сунуштама жөнөткөнү белгилүү болгон.

Андан сырткары, бир катар мамлекеттик кызматкерлер административдик, 15 прокурор башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганы белгиленген.

Анын алдында Жогорку Кеңештин депутаттарынын киреше-чыгашасы тууралуу декларациясы кызуу талкууга кабылган. “Колунда бар” деген бир топ депутаттын үйү жок экенин талкуу жараткан. Алардын арасында КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев да болгон. Депутат үйү аялына катталуу экенин ырастады жана байлыгын бизнесте жүргөндө тапканын белгиледи. Анын пикиринде, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган аткаминерлердин мүлкү жакшылап текшерилиши керек.

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

- Ал жерде “жакын тууганына катталуу” деп турат, жакын тууганым деген келинчегим. Эгер мен ажыраша турган болсом үй-жайымды, тапкан мүлкүмдүн баарын үй-бүлөмө таштайм. Мен азыр Жогорку Кеңеште гана кызматта турам. Ага чейин мен бир да күн мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин, мамлекеттик кызматкер болгон да эмесмин. Мен ишкер экенимди жашырбайм. Мен түптөгөн ишканаларда эки миңден ашык кыргыз жараны иштейт. Мамлекеттин казынасына миллиарддаган сом салык төлөйт. Ошондуктан жашыра турган нерсем жок. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, декларациямды жашыра турган адамдан эмесмин. Алардын декларациясы сөзсүз түрдө текшерилиши керек. Бул туура багыт болуп жатат. Мына, кечээ эле пара менен кармалган транспорт министринин орун басары оңой эле 500 миң доллар алып коюп жатат, бул мамлекеттин акчасы. Бир эле долбоордон ушунча акча алып коюп жатышат. Мындай долбоорлор көп да.

2017-жылга карата 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Дүйшөнбек Зилалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, 2010-2017-жылдары жогорку, жетекчилик кызматтарда жүргөн. Ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти 2013-2016-жылдары башкарган. 2016-жылы өкмөттүн курамы өзгөргөндө Зилалиев жаңы түзүлгөн Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетине төрага болуп дайындалган. Былтыр эле бир канча ирет кызмат которгон, тактап айтканда, кен тармагынан вице-премьер-министрлик кызматка өткөн жана жыл этегинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG