Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Каракол базарындагы өрттүн чыгымы 2 миллион сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарындагы өрттүн материалдык чыгымы 2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаардык башкармалыгы билдирди.

Күйүп кеткен беш соода күркөсү төрт кишиге таандык болгон. Анын жалпы аянты 48 чарчы метрди түзөт. Өрткө күркөлөрдүн биринде иштеп жаткан ширеткич себеп болгон.

Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында 7-декабрь күнү кечинде өрт чыккан. Анда сатыкка чыкчу кийим-кечектер болгон.

Аталган базар быйыл күзүндө да өрттөнүп, бир нече контейнер күйүп кеткен. (AsM)

XS
SM
MD
LG