Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Атамбаев: Эң чоң адашканым президенттик шайлоо болду окшойт


Экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатып, былтыркы президенттик шайлоону эң чоң адашуусу катары мүнөздөдү. Ал бир топ региондордон ага адамдар келип, президент тууралуу нааразылыгын айтып жатканын билдирди.

“Алардын эң негизги нааразычылыгы, “сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым ушул окшойт - президенттик шайлоо. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм",-деди Атамбаев.

Экс-президент мындай оюн журналисттин "Сиз кайсыл кылган ишиңизге эң көп өкүнөсүз?" деген суроосуна жооп катары айтты.

Ал бул интервьюсунда өткөн бир жыл ичиндеги окуяларга өзүнүн баасын берип, өз байлыгы, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, камалган саясатчылар сыяктуу бир катар маселелер боюнча суроолорго кыргыз тилиндеги жооп берип жатат.

19-ноябрда Атамбаевдин "Апрель ТВ" каналына берген орус тилиндеги интервьюсу элге көрсөтүлүп, мурунку жана азыркы президенттердин тирешинин бир топ жагдайлары ачыкка чыккан.

Анын алдында, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков да Атамбаев менен мамилеси жөнүндө пикирин айткан.

​"Ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт”,-деп айткан Жээнбеков 24.kg маалымат агенттиги менен маегинде.

XS
SM
MD
LG