Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 129 млн. доллар бөлүүнү карап жатат


Сооронбай Жээнбеков жана Нил Маккейн.
Сооронбай Жээнбеков жана Нил Маккейн.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанда сугат тармагына жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору үчүн 129 млн. доллардан ашуун каражат бөлүүнү караштырып жатат.

Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн бүгүн, 11-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков Нил Маккейнге Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кошо ишке ашырылчу долбоорлор өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү, калктын турмушун жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылдын август айына чейин чет жактан 9 млрд. 900 млн. долларга жакын каржылык колдоо алган. Анын 7 млрд. доллардан ашыгы насыя катары берилсе, 2 млрд. 700 млн. доллардан ашык каражат грант иретинде келген.

Алынган акчанын 2 млрд. 470 млн. долларга жакыны жол салууга, 2 млрд. 150 млн. долларга жакыны энергетика секторуна жумшалган. Республикалык бюджетти колдоого 2 млрд. 650 млн. доллардан ашык каражат кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG