Бул тууралуу Брюсселде Евробиримдик - Кыргызстан кызматташтык кеңешинин 10-декабрдагы жыйынынан кийин айтылды.
- Биз Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимди сүйлөшүү жараянындабыз. Ал биз үчүн заманбап укуктук негиз жаратып, келечектеги кызматташтыгыбыз үчүн жаңы чөйрөлөрдү ачат. Макулдашуунун саясий жана соода бөлүгү - эки тарап үчүн тең артыкчылыктуу маселе. Биз бүгүн Кыргызтандын реформа программаларын, анын ичинде сот реформасын, шайлоо системасынын реформасын талкууладык. Биз буларды чын ниеттен колдоп жатабыз, -деди 10-декабрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Карин Канайсль.
Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун билдиргенине караганда, буга чейин эки тарап сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүштү. Жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр былтыр декабрда башталган. Ал эки тараптын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн макулдашуунун ордун басышы керек. (UE)