Британ парламентинде Брекзит келишимине добуш берүү токтотулгандан кийин өлкөнүн премьер-министри Евробиримдиктин айрым лидерлери менен жолугуп жатат.
Биримдик жетекчилиги келишимди сактап калуу үчүн Тереза Мэйге жардам берерин, бирок келишим кайра сүйлөшүлбөй турганын айтты:
- Биз жетишкен макулдашуу мүмкүн болгондун эң жакшысы. Бул - мүмкүн болгон жалгыз макулдашуу. Кайра сүйлөшүүлөр үчүн орун жок,-деди Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер.
Тереза Мэй бүгүн алгач Нидерландга токтоп, андан соң Германияга келди.
Брекзит келишимине британ парламенти 11-декабрда добуш бериши керек эле. Бирок парламенттеги либерал-демократтар, лейбористтер, Мэйдин Консерваторлор партиясынын өкүлдөрү да ага каршы добуш берерин билдиришкен.
Мындан улам премьер Тереза Мэй бир күн калганда добуш берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болгон. Брекзит келишими Британиянын Евробиримдиктен чыгуусунун шарттарын жана жол-жобосун аныктайт. (UE)