Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Учкун Каримов айыпталуучунун каражаттары туугандарынын, үй-бүлөсүнүн чогулткан акчасы экенин билдирди.
- "Атамдын малы бар эле" деген. "Бул ошол үй-бүлөмдүн чогулткан акчасы" деп айтып жүргөн. Үйлөрү, машинеси болгон. Ошолорду саткан акчасы болот да.
11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн. Ал эми аталган видео боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратты. Банк ал билдирүүдө тартылган видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин маалымдады.
9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге "мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар" деп айткан. (TSh)