Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Парламентте Бабановго козголгон кылмыш иштери талкууланат


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча бүгүн, 12-декабрда саат 16:00дө Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматы угулат.

Бүгүн парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров ушундай сунуш киргизип, эл өкүлдөрү аны колдоду.

Сабиров Бабановдун ишин парламентте талкуулоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айткан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалындагы акыркы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирди. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгүнүн убагында улут аралык кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин айтты. Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керек экенин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын белгилеген.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда "анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG