Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Абылгазиев: Жусубалиевдин кармалышы моралдык сокку болду (видео)


Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абылгазиев.
Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Парламенттин жыйынында депутат Абдувахап Нурбаев транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин паракорлукка байланыштуу кармалганы боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кескин сынга алды:

- Өлкө боюнча "орун басар 520 миң доллар менен кармалды" деп кеп кылып жатышат. Демократиялык мамлекетте министр ошол жерден кызматтан кетет. Өкмөт башчы чыгып түшүндүрмө берет. Улуттук банк болсо 4 миллион сомду кечип салып унчукпай отурат. Биз эмне деген мамлекетпиз?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аткаминердин кармалышы өзүнө моралдык жактан сокку болгонун белгиледи:

- Туура эмес иш болду. Азыр тергөө жүрүп жатат. Өкмөт башчы катары мага, министрге моралдык жактан сокку болду. Министр менен сүйлөшкөн учурда тиешеси жок экенин айтып жатат. Биз ушул иштерде кемчиликтер бар экенин айтып, тапшырма бергенбиз. Андан кийинки жыйынтык ушул болду.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG