Өзбекстанда ишкерлер социалдык жактан маанилүү деген мекемелердин тизмесине кирбеген ишканаларга газ берүү токтотулуп жатканын айтууда.
“Азаттык” радиосунун өзбек кызматына жергиликтүү тургундар билдиргенине караганда, декабрь айынын башынан бери газдын жоктугунан айрым ишканалар токтоп калды.
Бул маалыматты «Узтрансгаз» компаниясы да тастыктап, көгүлтүр отун менен социалдык маанилүү мекемелер гана камсыз болуп жатканын билдирди.
Газдын жетишсиздиги Өзбекстанда кышкы мезгилде жыл сайын байкалат.
Өлкө газ өндүрүү жагынан КМШ арасында үчүнчү орунда турат. Негизинен Кытайга экспорттойт. (RK)