Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Адвокат: Конгантиевдин кылмыш ишинде эч далил жок


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын кылмыш иши боюнча эч кандай кабар ала элек экенин билдирди. Ал Конгантиевдин иши текшерүүдөн кийин кайра эле жокко чыгарылат деп ишенет.

- Жокко чыгарган чечим менен тааныша элекмин. Мага азырынча берише элек. Болгону ар тараптуу текшерүү жүргүзүп коюшат. Бирок олуттуу эч нерсе деле жок, - деди ал.

Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) чечимин жокко чыгарган.

Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен быйыл 18-июнда кыскартылганын УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган.

Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG