Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Бурулайдын иши: жабырлануучулар сот чечимине каршы арызданышпайт


Турдаалы Кожоналиев.
Турдаалы Кожоналиев.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев айыпталуучуларга карата чыккан соттун чечимине макул экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Сейитов кечирим сурап, баарын так айтып бергенде мен башкача кадамга бармакмын. Мен ага жардам бере алган жокмун. Марс Бөдөшевди "өмүр бою камакка алынсын" деп сурандым эле. 20 жыл деле көп, сот ушундай чечим чыгарды. Мен бул чечимге макулмун.

11-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапкан. Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча жети жылга эркинен ажыратылды.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG