Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Сузакта ишкер милицияга каршы арызданып, президентке кайрылды


Искандар Хамракулов.
Искандар Хамракулов.

Жалал-Абад шаарында кафе-бар иштеткен ишкер Искандар Хамракулов Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери карыз акчасын бербей, кафеден ичкен тамагынын акчасын төлөбөй жүргөнү жөнүндө арызданып Башкы прокуратурага жана президентке кайрылды. Бул тууралуу ал басма сөз жыйынында билдирди.

- Облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку улук тергөөчүсү, учурда Сузакта аймактык тескөөчү болуп иштеп жаткан Улан Бакиев менден миң доллар карызга алып, кафеде тамактанып, акчасын төлөбөй кеткен. Мындай окуялар бир нече ирет кайталанган. Акчаны сурап кайрылсам, акыркы учурларда мага басым кылып, тапанча менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, коркута баштады. Аргасыздан мен өзүмдү жана ишкердүүлүгүмдү коргоо максатында прокуратурага жана президентке кайрылууга мажбур болуп жатам. Бул милиция кызматкери шаардагы бир топ кафе-ресторандарды да ушул ыкмада пайдаланып, кээде ызы-чуу чыгарган окуялар бар. Алардын ээлери ачык айтуудан кооптонуп жатышат, - деди Хамракулов.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Улан Бакиев өзү коюлган дооматтардын баарын четке кагууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG