Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Страсбургда полиция атайын операция баштады


Полиция Страсбургдун Нойдорф районунда атайын операция жүргүзүүдө, 13-декабрь, 2018-жыл.

Француз полициясы Страсбургда курал колдонуу менен атайын операция баштаганын "Reuters" агенттиги кабарлады. Полиция Нойдорф районундагы бир нече үйдү тинтүүгө киришти.

Изделип жаткан Шериф Шевкат операция жүрүп жаткан жерде бар-жогу азырынча белгисиз. Ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, шектүү мурда ушул райондо жашаган.

Полиция Страсбургдагы кол салуу боюнча шек саналган Шариф Шефкат аттуу адамды издеп жатат. Коопсуздук органдары анын сүрөтүн жарыялашты. Маалыматка караганда, 29 жаштагы Шариф буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда 27 жолу жоопко тартылган. Ал тургай бир нече жыл мурда Германияда уурулук кылганы үчүн түрмөдө отурганы ырасталды.​

Страсбург шаарында куралчан адам 11-декабрдын кечинде базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылган. Булардан тышкары 12 киши бычак тийип жарадар болгон. Француз прокурору Реми Эйтз шектүү кол салуу маалында “Аллах Акбар” деп кыйкырганын айтты.

Францияда коопсуздук чараларынын деңгээли көтөрүлдү. Чек араларда, майрамдык базарларда көзөмөл күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG