Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Калилов: Министр болуп иштөөгө моралдык укугум жок (видео)


Кызматтан кетүү арызын жазган Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов видео кайрылуу таратып, анда ал кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазганын айтты:

- Мен азыр тергөө амалдары жүрүп жатканда, менин жана өкмөт башчынын дарегине негизсиз айыптоолор тагылганына байланыштуу өз каалоом менен арызымды жазып бердим. Ошол жумушта менин орун басарым Жусубалиев кармалып калат деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыркы учурда министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок деп эсептейм. Мен Транспорт жана жолдор министрлигинде 1984-жылдан бери эмгектенип келдим. Мындан ары кызматсыз же жумушсуз калбайм. Профессионалдык деңгээлде мүмкүнчүлүктөрүм бар. Дагы эле кыргыз элине кызмат кылууга даярмын.

Жамшитбек Калилов: Кызматтан кетүүнү чечтим
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Бүгүн Транспорт жана жолдор министри кызматтан кетүүгө арыз жазганын өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго министр Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизди.

14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиевге байланыштуу ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG