Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

"КТРК Спорт" футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык оюндарын түз көрсөтөт


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

"КТРК Спорт" телеканалы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык стадиядагы бардык оюндарын түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы "С" группасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт.

7-январь, 17:00

Кытай – Кыргыз Республикасы

11-январь, 22:00

Кыргыз Республикасы – Түштүк Корея

16-январь, 19:30

Кыргыз Республикасы – Филиппин

2019-жылы боло турган Азия кубогунун 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан жалпысынан алты беттеш өткөрдү. Курама команда 22-мартта Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына жолдомо алган. Кийин 27-мартта Бишкекте Индия курамасы менен ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстан Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноо укугуна биринчи жолу ээ болду.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. (KR)

XS
SM
MD
LG