Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Президент Жээнбеков биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөрөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери биринчи жолу журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик аппараттын өкүлдөрү билдиришти.

Басма сөз жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 19-декабрда өтөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ошол жылдын 24-ноябрында кызматына расмий киришкен. Айрым маектерин кошпогондо президент бул аралыкта жалпыга маалымдоо каражаттарына дээрлик интервью берген жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG