Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча расмий билдирүү таратты.
УКМКнын маалыматы боюнча бул видео Зилалиевге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган. Мекеме видео декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине кошулганын жана анын тарап кетишине банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Атайын кызмат буга кошумча катары бул тасма банк тарабынан 2017-жылы тартылган болушу мүмкүн экенин белгилейт. УКМК ошондой эле акча каражаттарын буга чейин банк билдиргендей эмес, Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткенин билдирет.
11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн. Бул видеодон кийин социалдык тармактарда банктагы уячанын коопсуздугу боюнча суроо талкууланган.
Кийин “Оптима Банк” билдирүү таратып, видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин жарыялаган.
9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге "мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар" деп айткан. (ErN)