Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Москвадагы Бутырка түрмөсү жабылат


Бутырка түрмөсүнүн бир бөлүгүнүн көрүнүшү. Москва, 17-декабрь, 2018-жыл.
Бутырка түрмөсүнүн бир бөлүгүнүн көрүнүшү. Москва, 17-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын төрага орун басары Валерий Максименко билдирди. Анын айтымында, шаар бийлиги ФСИНге Бутырканын ордуна 2000 орундуу жаңы абак жайды Москванын жанында куруп берүүнү сунуштады. Жаңы курула турган абактагы камералар европалык стандарттарга ылайыкташып, бир кишиге жети чарчы метр деп эсептелет.

Бутырка - Москванын эң ири жана эски түрмөсү. Бутырка 1771-жылы курулуп, кийин бир нече жолу оңдолгон. Кезинде бул түрмөдө бир катар орусиялык жана советтик белгилүү адамдар, чет өлкөлүктөр отурган же өмүрү кыйылган. Маселен 1917-жылы бийликке большевиктер келгенге чейин бул түрмөдө сталиндик доордогу НКВД, кийинки КГБнын уюштуруучусу Феликс Дзержинский отурган.

Советтик доордо ракета жана космос кемесин жасагандардын бири Сергей Королев, жазуучу жана акындар Владимир Маяковский, Исаак Бабель, Осип Мандельштам, Евгения Гинзбург, Варлам Шаламов, казактардын биринчи өкмөтү – “Алаш Орданын” негиздөөчүсү Алихан Бөкөйхан да Бутырка абагында кармалган.

Бутырка тергөө абагы жайгашкан аймак 1956-жылга чейин Москва облусуна карачу, азыр болсо шаардык борбордук бөлүгү деп саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG