Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

"Талибан" кыймылы АКШ өкүлдөрү менен жолукканын билдирди


"Талибандын" согушкерлери.
"Талибандын" согушкерлери.

Оогандык талибдер Бириккен Араб Эмираттарында АКШнын расмий адамдары менен жолугушканын маалымдашты. 17-декабрдагы сүйлөшүү "Талибан" менен тынчтык келишимине жетүү максатын көздөй олуттуу кадам катары сыпатталууда. "Reuters", "Associated Press" өңдүү басылмалардын кабарына ылайык, "Талибандын" расмий өкүлү Забихулла Мужахед жолугушууга АКШдан тышкары Сауд Арабиясы менен Пакистандын өкүлдөрү да катышканын айткан.

Бирок Вашингтон бул жолугушууну тастыктаган да, четке каккан да жок.

Мурдараак АКШнын Ооганстан боюнча расмий өкүлү Залмай Халилзад талибдердин өкүлдөрү менен бери деген эки жолу сүйлөшүү өткөргөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG