Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

"Sports Awards-2018": өлкөнүн мыктыларын тандоо башталды


"Sports Awards-2018" өнөктүгүнүн эн белгиси.
"Sports Awards-2018" өнөктүгүнүн эн белгиси.

Кыргызстандын мыкты спортчуларын аныктоо өнөктүгү башталды. Быйыл өлкөнүн мыкты спортчулары 17 категорияда тандалат. Анын ичинде улуттук спорттун түрлөрүнөн "Мыкты спортчу", "Мыкты машыктыруучу", "Саяпкер" жана "Мыкты ат" багытында тандоо жүрөт.

Олимпиадалык жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча мыктылар өзүнчө тандалат. Мындан тышкары, быйыл ТВ долбоор, спорттук баяндамачы жана журналисттер боюнча жыл мыктылары аныкталат.

Кыргызстандыктар талапкерлер тууралуу topsport.kg сайтынан маалымат алып, добуш бере алат. Аталган сайт быйыл бешинчи ирет жылдын мыкты спортчуларын аныктап жатат. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү Жаңы жыл майрамынан кийин аталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG