Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

КСДП: Кодуранова вице-спикерлик кызматтан саясий негизде алынды


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан алынышы боюнча расмий билдирүү таратты.

Катчылык парламенттеги КСДП фракциясынын тиешелүү маселени караган жыйыны регламентти жана фракциянын жобосун одоно түрдө бузуу менен өткөнүн белгилейт. Буга эл өкүлдөрүнө алдын ала кабар берилбей, чукул арада жыйын өткөрүлгөнү, кворумду 19 депутат түзөрүнө карабай 14 эле депутат катышканы жана депутаттардын добуш берүү укуктары боюнча эрежелер сакталбаганы мисал келтирилген.

Мындан сырткары, билдирүүдө парламенттин регламентине ылайык Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын дайындоо жана кызматтан алуу алгач тармактык комитетте, кийин жалпы палатада чечилиши керек болгону айтылат. КСДП белгилегендей, соңку жагдайда бул процедура сакталган эмес.

Натыйжада КСДП партиясынын катчылыгы Кодуранованы кызматтан алуу боюнча КСДП фракциясынын чечимин жана анын лидери Иса Өмүркуловдун аракеттерин саясий жактан негизделген деп баалады.

Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Бул чечимди фракциянын депутаты Ирина Карамушкина айыптап, Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан кетишин анын саясатчы Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине чыгарууну добушка койгону жана экс-президенттин кол тийбестигин ала турган мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Бул маалыматтарды такташ үчүн Кодуранованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал вице-спикерлик кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG