Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Орусия: Тергөө комитетинин полковниги пара менен кармалды


Орусиянын Тергөө комитетинин эн белгиси.
Орусиянын Тергөө комитетинин эн белгиси.

Орусиянын Самара облусунда Тергөө комитетинин полковниги пара алып жаткан жеринен кармалды. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) расмий өкүлдөрү 18-декабрда билдиргендей, полковник Вера Рабинович Самара шаарынын аэропортунда 10 миллион рубль (150 миң доллар) акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Рабинович комитеттин аймактагы экономикалык кылмыштарга күрөшүү бөлүмүн жетектечү. Пара берүүгө ортомчулук кылган деп шек саналган эки жаран да кармалганы маалым болду.

ФСБ бул акча чоң паранын бир бөлүгү экенин, Рабинович каржы кылмышынын курмандыгына айланган жарандын ишин сотко жеткирүүнү тездетиш үчүн жалпысынан 15 миллион рубль (225 миң доллар) алууга макул болгонун кошумчалады.

Жакында эле Кыргызстандын транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG