Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Абактагылардын медициналык тейлениши изилденди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмышка шектүү катары милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган адамдардын баары эле медициналык текшерүүдөн талапка жараша өтпөйт жана ал жакта отуруп ар кандай илдеттерге тушу болушат. Мындай тыянакка өлкөнүн Акыйкатчысы, “Эркиндик үнү” коомдук фонду жана Кыйноого каршы коалиция өз ара биргелешип жүргүзгөн изилдөөдөн кийин келишкен.

Коалициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алгач камалганда ар бир адам сөзсүз медициналык кароодон өтүшү керек, бирок сурамжылоого катышкандардын 8% андай болбогонун айтышкан.

Ал эми 33% денесинде түрдүү жараат болсо да каттоого алынбаганын билдиришкен. 95% денесинде көк ала так же күч колдонуунун изи бар-жогу тууралуу документтер милиционердин көзүнчө толтурулганына көңүл бурушкан.

Суроолорго жооп бергендердин 25% убактылуу кармоочу жайда жатканда канталага таланып, чыккандан кийин башы, бөйрөгү жана жүрөгү ооруп калганын айтышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу тергөө абагындагылардын 19% бир сутка өткөндөн кийин текшерүүдөн өткөнүн айтып, 75% оорусу тууралуу айткандары жазылбай калганын белгилешкен.

Камактагылардын 15% дарыгер камераларды күн сайын карап чыгарын айтса, 66% абакка түшкөндөн кийин ден соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Жогоруда аталган кемчиликтерди жоюш үчүн изилдөө өткөргөн уюмдар парламентке, өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына бериле турган сунуштарын иштеп чыгышты.

"Кыйноого каршы коалиция" өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына караганда, 2016-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылган. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен. (RK)

XS
SM
MD
LG