Аткезчилик жол менен алынып келаткан жалпы суммасы 23 тонна мандаринди Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен чогуу кармашты.
Товардын жалпы суммасы 1 млн.100 миң сом деп бааланууда. Жүк Тажикстандан ташылып келаткан жана анын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.
Кармалган жаран менен жүк УКМКнын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. (КЕ)