Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Аида Исмаилова: электр энергиясына карата кош тарифти кайра карап чыгыш керек


Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Аида Исмаилова Кыргызстандагы электр энергиясына болгон кош тарифтүүлүк саясатын кайра карап чыгууга убакыт жеткенин айтып, учурда Кыргызстан Өзбекстанга электр кубатын өздүк баадан төмөн баада экспорттоп жатканын билдирди.

- Бизде энергиянын өздүк баасы 1,61 сом турат. Биз азыр айына 700 КВт/саатка чейин 70 тыйындан, андан ашса 2,16 сомдон төлөйбүз. Бирок мындай саясат энергиянын жетишсиздигинен улам келип чыккан чара болчу. Бүгүн бизде тартыштык жок, тескерисинче ашып-ташып, энергияны Өзбекстанга экспорттоп жатабыз. Коңшуларга биз энергияны 1,36 сомдон сатып атабыз. Өзүбүздө анын баасы 1,61 сом турат. Биз электр энергиясын өзүнүн баасынан төмөн баада экспорттоп жатабыз. Өзүбүздүн жарандарга болсо 2,16 сомдон сатабыз. Биз анда кантип пайда табабыз? - деген Аида Исмаилова өкмөттөн кош тарифтүү саясатты кайра карап чыгууну талап кылды.

Эл өкүлү 700 КВт/саатты бир айда бир эле киши керектей турганын айтып, ал бир үй-бүлөгө жетишсиз экенин кошумчалады. Аида Исмаилова "2015-жылы Нарын облусуна карата киргизилген 1000 КВт/саатка чейинки чектөөнү өлкөнүн бардык облустарына киргизүүнү карап чыгыш керек" деп, аны кышында 1500 КВт/саатка чейин жогорулатуу тууралуу жаңы социалдык тариф керек экенин айтты. (KR)

XS
SM
MD
LG