Кара-Балта шаарында "ооганчы" аскерлерге айкел тургузулду. Анын ачылыш аземине бүгүн, 24-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Өкмөт башчы эстелик согуштун катышуучуларынын мезгил сынынан өткөн бекем аскердик боордоштугуна далил боло турганын белгиледи. Ал келерки жылы Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 30 жылдыгын татыктуу белгилөөгө убада берди.
СССР ооган жергесиндеги жарандык согушка "интернационалдык милдетти аткаруу" деген жүйө менен катышып, ал дээрлик 10 жылга созулган.
Бул согушка 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта курман болгон, 1,5 миңдейи жарадар болуп, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз. (КЕ)