Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Ошто милициянын огунан жарадар болгон жаран ооруканада жатат


Милиция кызматкерлеринен качкан жигиттин автоунаасы.
Милиция кызматкерлеринен качкан жигиттин автоунаасы.

Ошто милиция аткан ок кайып кетип башына тийген жаран шаардык ооруканада дарыланып жатат. Окуя 23-декабрда саат 17:30 чамасында болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бѳлүмүнүн тескѳѳчүлѳрү кызматтык милдетин аткаруу учурунда мамлекеттик номуру 1771 ОА, бардык терезелери толук караңгылатылган кара түстѳгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндѳгү автоунааны кѳрүшкѳн. Милициянын токтотконуна карабай, айдоочу автоунаасы менен качып жѳнѳгѳн. Аны токтотуш үчүн милиция кызматкерлери машиненин артынан түшүп, Ош шаарынын Сүйүнбаев кѳчѳсүнѳн кууп жетип, качып бараткан автоунааны токтотууну талап кылышкан. Бирок айдоочу кайрадан баш бербей жолун уланта бергендиктен милиция кызматкерлери табелдик куралы менен эскертүү иретинде, андан соң автоунаанын алдыңкы дѳңгѳлѳгүн мээлеп ок атышкан. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дѳңгѳлѳктүн үстүнѳ тийип, андан кайып ѳтүп, жолдун четинде бараткан кишини жарадар кылган. Ок анын баш сѳѳгү менен терисинин ортосуна туруп калган. Башына ок тийген жаранга дароо операция жасалып, ок алынган. Дарыгердин айтымында, учурда бейтаптын абалы орто.

Милиция кызматкерлери аткан октун автоунаада калган тагы.
Милиция кызматкерлери аткан октун автоунаада калган тагы.

Ош ШИИБнин криминалдык милициясынын кызматкерлери окуя болгон жерден качууга үлгүргѳн айдоочуну бир саатка жетпей Тѳлѳйкѳн айылынын Ош шаарына караштуу аймагынан кармап алышкан. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Тѳлѳйкѳн айылынын 19 жаштагы тургуну экени, мурда каракчылык үчүн соттолгону, эч жерде иштебегени аныкталды.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, айдап жүргѳн автоунаасы атайын токтотмого коюлду. Териштирүү учурунда автоунаанын номери жасалма экендиги аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бѳлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кызматкерлердин курал колдонушунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG