Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Cанариптик трансформациянын концепциясы боюнча жумушчу топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик трансформациянын “Санарип Кыргызстан 2019-2023” концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул боюнча буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жумушчу топко Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жетекчилик кылат. Анын курамына президенттин кеңешчиси Дастан Догоев (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева, премьер-министрдин кеңешчиси Эдуард Турдалиев, “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, “Жогорку технологиялар паркы” мамлекеттик мекемесинин директору Алтынбек Исмаилов, Мамлекеттик техникалык университеттин технологиялар жана маалыматтык коопсуздук изилдөө-талдоо борборунун жетекчиси Байыш Нурматов, “Digital Casa Кыргыз Республикасы” долбоорунун менежери Аида Шаршеева жана башкалар кирди.

18-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койгон.

Документте 2019-2023-жылдарга карата Кыргызстанды санариптик трансформациялоо, компьютерлештирүү, интернеттештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде мамлекеттик органдарды санариптик кызмат көрсөтүүгө өткөрүү максаты да каралган.

14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков өзү төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында санарипти өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жаткан айрым мамлекеттик органдарды сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG